Ички иштер министри аймактык милиция кызматкерлерин келе жаткан мааракеси менен куттуктады

Опубликовано: 30 Октябрь 2024
на канале: МВД КР
1,752
37

Кыргыз милициясынын кылымдык мааракесин утурлай Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков майрам алдындагы иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине алардын тартипти жана коопсуздукту сактоого кошкон салымын билдирген юбилейлик медалдар тапшырылды. Катышуучуларга кайрылып, укук коргоо мекемесинин башчысы мындай деп белгиледи: "Бүгүн, жүз жыл мурункудай эле, биздин милиция да элдин кызыкчылыгын коргоодо турат. Сиздин эмгегиңиз жана коопсуздукка болгон берилгендигиңиз терең урматтоого татыктуу. Юбилей өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерге түрткү болсун".
Иш-чара өткөн ИИМдин борбордук аппаратынын жыйындар залы жакында капиталдык оңдоонун алкагында толугу менен жаңыланды. Залдын заманбап дизайны жана жабдуулары ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн эң жогорку стандарттарга жана талаптарга жооп берет.
Жаңыланган зал презентацияларды жана докладдарды сапаттуу өткөрүүгө кана эмес, катышуучулар үчүн дагы максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген заманбап мультимедиялык системалар менен жабдылган. Ыңгайлуу отургучтар, жарыктандыруусу жана үндөрдү чыгаруу системасы ИИМде өткөрүлгөн ар бир иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

ИИМдин Басма сөз кызматы


Смотрите видео Ички иштер министри аймактык милиция кызматкерлерин келе жаткан мааракеси менен куттуктады онлайн без регистрации, длительностью часов минут секунд в хорошем качестве. Это видео добавил пользователь МВД КР 30 Октябрь 2024, не забудьте поделиться им ссылкой с друзьями и знакомыми, на нашем сайте его посмотрели 1,75 раз и оно понравилось 3 людям.