Быйыл, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толду. Бул маанилүү күндүн урматына өлкөбүздө ар кандай салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Себеби, милиция өз ишмердигинин бардык этаптарында мамлекетти жана коомду кылмыштуулуктан коргоо, укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келген. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар тартип сакчыларынын алдында жаңы тапшырмаларды коет.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асановдун демилгеси жана колдоосу менен кыргыз милициясынын мааракесине арналган белгилүү эстрада жылдызы аткаруучу маданияттын мыкты кызматкери Динара Тилекеева жана Жалал-Абад ШИИБдин ЖЖЭИнин улук тескөөчүсү милициянын капитаны Самара Кадырованын аткаруусундагы, сөзү, обону Алишер Тоотаевдин «Тартип сакчылары» аттуу музыкалык клип тартылды.
Клип мейкер Баяман Осмонов.
Бул клипте, милиция кызматкерлеринин кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо, тергөө аракеттеринин жүрүшү, коомдук тартипти сактоо, шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтөгөн кызматы көрсөтүлгөн.
Смотрите видео Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата "Тартип сакчылары" ырына клип тартылды онлайн без регистрации, длительностью часов минут секунд в хорошем качестве. Это видео добавил пользователь МВД КР 25 Октябрь 2024, не забудьте поделиться им ссылкой с друзьями и знакомыми, на нашем сайте его посмотрели 5,26 раз и оно понравилось 14 людям.