🎵 Марат Осмоновдун сөзүнө жазылган Алтымыш Кадыровдун "Аясаң боло, жыргалым" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
🎤ҮМҮТ УМЕТАЛИЕВА - Аясаң боло жыргалым ырынын үнү бар (плюс) варианты • ҮМҮТ УМЕТАЛИЕВА - Аясаң боло жыргалым...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #ҮмүтУметалиева #АясанБолоЖыргалым #yrkese
======================================================
"Аясаң боло, жыргалым"
Сөзү : Марат Осмоновдуку
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Аткаруучу: Үмүт Үметалиева
-------------------------
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы кимде айып?
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы
Жүрөсүң, айтчы кимде айып?
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйөт жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага,
Сүттөн ак сага тилегим.
Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп,
Жаштыгым өтүп баратат.
Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ыргалын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло,
Аясаң боло, жыргалым.
Смотрите видео Кыргызча караоке минусовка текст менен - АЯСАҢ БОЛО ЖЫРГАЛЫМ онлайн без регистрации, длительностью часов минут секунд в хорошем качестве. Это видео добавил пользователь Ыркесе 02 Май 2022, не забудьте поделиться им ссылкой с друзьями и знакомыми, на нашем сайте его посмотрели 805,599 раз и оно понравилось 7.7 тысяч людям.