КҮТПӨ МЕНИ
Сөзү Фаризат Асанкалыеваныкы
Обону Түмөнбай Колдошовдуку
Күтпө мени, күтпө мени өтүнөм,
Жашоодо көп күндөр болду өкүнгөн.
Мен алданып сүйүүсүнө бирөөнүн,
Жанып турган жылдызымды өчүргөм.
Күтпө мени, күтпө мени садагам,
Күндөр жылбайт саатты карап санаган.
Күтүүлөрдүн азабын мен билемин,
Мен да сендей күтүп жолду карагам.
Күтпө мени, күтпө мени баралбайм,
Барсам дагы көңүлүңдү табалбайм.
Үмүт бербе, үмүттөнбө суранам,
Жүрөгүңө сүйүү отун жагалбайм.
14.06.2022. Бишкек
#бишкек #кыргызстан #музыка #ош #баткен #жалалабад #астана #жаныыр #жаныырлар #клипы #нарын #талас #ысыккөл #чуй #music #klipsch
Смотрите видео КҮТПӨ МЕНИ || Жаңы ыр || Түмөнбай Колдошов онлайн без регистрации, длительностью часов минут секунд в хорошем качестве. Это видео добавил пользователь Түмөнбай КОЛДОШОВ 20 Июнь 2022, не забудьте поделиться им ссылкой с друзьями и знакомыми, на нашем сайте его посмотрели 86,874 раз и оно понравилось 849 людям.