Хиджап кийип мектепке баруу билим алууга тосколдук жаратабы? Динге берилген ата-эне баласын мектепке жибербей коюуга, баланын инсандык калыптануусуна, социалдык мамилелерге ээ болуусуна чек коюуга укугу барбы? Кандай учурда ата-эне баласынын мектептен билим алуусун медресеге же мечитке алмаштыруусу мүмкүн? Мектептеги сабактарды калтырып жума намазга баруу маселесин чечүү мүмкүнбү?
Жогорудагы жана башка суроолорго жооп берүү үчүн Youtube дагы расмий «Соцпедагог» каналында жүргүзүлгөн түз эфир учурунда укук коргоочу, юрист-эксперт – Эржан Сулайман мырзага кайрылдык.
Эл аралык жана Кыргызстандын башкы мыйзамында, келишимдерде, нормативдик документтеринде каралган адамдын укуктарына ылайык: “Ар бир адам билим алууга укуктуу”, ошондой эле, “Ар бир адам өзү туткан дини аркылуу баласын тарбиялаганга укуктуу”, жана “Ар бир мамлекет бала туткан динди сыйлаш керек”.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында: “Кыргызстан – светтик мамлекет” деп белгиленген, демек, Кыргызстандын ар бир жаранынын диний эркиндиги кепилденет. Кыргызстандагы ар бир мектептин Уставы Кыргызстандын Конституциясындагы жана башка мамлекеттик, эл аралык мыйзамдарындагы, келишимдериндеги ченемдер менен айкалышуусу зарыл.
Хиджап – мектеп курагындагы кыздардын билим алуусуна тоскоолдук болбошу керек. Ал эми соцпедагогдор, мугалимдер хиджап кийген кыздардын укуктарын коргоосу зарыл. Ар бир баланын билим алуусуна ата-эне жооптуу! Ата-эненин бул милдети Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын» №27 беренесинде каралган. Баланын ата-эненин менчиги катары кабыл алынуусу – өтө терс көрүнүш, себеби эртеӊ бул баланын өз алдынча турмуш куруусуна, бир кесиптин ээси болуусуна анын билими, көндүмдөрү жетишсиз болгондуктан, билим алуусун чектеп койгон ата-энесине нааразы болушу мүмкүн. Ата-эненин мындай көз карашын өзгөртүүгө мугалимдин, социалдык педагогдордун орду жана ролу абдан чоң.
«Балдар жөнүндө Кодекстин» №10 беренеси мектептин ордуна медресени тандаган ата-энеге маалымдалышы керек, бул беренеде ар бир баланын билим алуусуна басым коюлган, ар бир бала билим алуудан чектелбеш керек. Ал эми ата-энелердин арасында агартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү.
Медресе – диний мекеме. Кыргызстанда 100дөн ашык медресе бар, бирок алардын ичинен 10 чакты медреседе гана өлкөбүздөгү билим берүү стандарттарында каралган сабактар өткөрүлөт. Медреседе бала толук кандуу билим алабы же албайбы деген кооптуу маселе бар. Ошондуктан мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй, баштапкы жана негизги билимди балдар мамлекеттик стандарттарга ылайык келген мектептерден алуусу абзел. Ал эми 9-класстан кийин медресеге барса болот.
Эркек балдардын бешинчи күнү сабакты калтырып, жума намазга кетүү маселесин мугалимдер, соцпедагогдор тарабынан чечүү мүмкүн эмес. Бул – мамлекет, министирлик тарабынан чечиле турган кырдаал. Ал эми соцпедагог менен мугалимдер өзүнө тиешелүү маселени аткарууга аракеттениш керек. Азырынча бул көйгөйдү окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө гана мүмкүн. Кыргызстанда ар бир бала туткан динине карабастан, билим алууга укуктуу, ал эми ата-эне – баланын бул укугун ишке ашырууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Педагогикалык коомчулук агартуу иштерин кылдаттык менен жүргүзүүгө тийиш.
Ар бир адам өзгөчө, биз баарыбыз ар түрдүүбүз – бул идеяны балдарыбызга сунуштайлы!
Смотрите видео Диний атрибуттарды мектепте кийууну укуктук жонго салуу онлайн без регистрации, длительностью часов минут секунд в хорошем качестве. Это видео добавил пользователь СОЦПЕДАГОГ 01 Январь 1970, не забудьте поделиться им ссылкой с друзьями и знакомыми, на нашем сайте его посмотрели 61 раз и оно понравилось 2 людям.